Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Австрияга виза бериле баштайт

Кыска кабар | 4 Янв 2020 | 399 | 0

Бишкекте эртең, 5-январдан тарта Австрияга баруучу Кыргызстандын жарандары үчүн VFS компаниясынын виза борборунда виза даярдалып баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлайт.

Аталган борбор шаардын Ибраимов көчөсүндө (№103, 11-кабат) жайгашкан.

Буга чейин Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылдын 1-январынан тарта Испания, Италия жана Австрияга виза берүүнү токтото турганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM