Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда салтанаттуу той өткөрүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 3793 | 0

2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда үлпөт тою жана башка салтанаттарды өткөрүүгө чектөө койгон мыйзам күчүнө кирди. Аталган документ 2019-жылдын сентябрь айында кабыл алынган болчу.

Токтомго ылайык, мындан ары үй-бүлөлүк аземдер 1 күн ичинде (саат 06:00дөн 23:00гө чейин) гана өткөрүлмөкчү (коштошуу зыйнатын кошпогондо). Үлпөт тойду өткөрүү үчүн 1 жума мурда жергиликтүү бийликти кабардар кылуу зарыл.

Андан сырткары, коштошуу зыйнатындагы (жети күндүк, бейшембилик, кыркы, ак кийди, жылдык) жана үлпөт тойдогу (ата көрдү, сеп жыйды, куда тосмой, келин көрмөй сыяктуу) кошумча иш-чараларга тыюу салынды.

Мыйзам боюнча, той 23:00 чейин аякташы керек. Жана ага эң көп 200дөй адам катышса болот. Тойдогу кортежге 3 гана унаа чыга алат.

Талаптардын аткарылышы депутаттар, жергиликтүү кеңеш жана ИИМ кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

Copyright © 2017 Maral FM