Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Сириядагы балдарды алып келүү аракетин улантат

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 515 | 0

Тышкы иштер министрлиги Сирия, Ирак өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандык балдарды алып келүү иштерин улантат. Бул аракет аталган өлкөлөрдө саясий кырдаал турукташканда активдештирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган жарандарды эвакуациялоо боюнча даярдыктарды көрүү иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Балдарды алып келүү ишине кайта албай жатканыбыздын субъективдүү себептери бар. Ага ошол өлкөлөрдөгү саясий кырдаал себеп болуп жатат. Абал турукташкандан кийин ишибизди активдештиребиз” деп билдирди Имангазиев.

Өкмөт аталган өлкөлөрдөгү жетимиштей баланы алып келүү аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы сегиз жүздөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен эки жүздөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын жүз кыркка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан быйыл аталган өлкөлөрдөгү жүздөгөн мекендештерин, айрыкча балдар менен аялдарды кайтарып алды.

Copyright © 2017 Maral FM