Биз менен байланышыңыз

Алматыда учак кырсыгында жабыркаган кыргыз жаранына операция жасалды

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 508 | 0

Алматыдагы учак кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын жаранына операция жасалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, ал жаран учурда ооруканада жатат.

Кыргыз жаранына Сабырбек Жумабеков операция жасаган. Абалы туруктуу. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун кызматкерлери андан кабар алышкан.

Эскерте кетсек, 27-декабрда казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын учагы Алматы−Нур-Султан багыты менен саат  07:05те учуп чыгып, радардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан он эки адам каза болгон. Божомолдор боюнча, учак учуп чыгып, көтөрүлө албай эки кабаттуу имаратка урунган.


Алматыдагы учак кырсыгы: Кыргызстан жаранынын абалы канааттандырарлык


Учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу Кыргызстандын бир жараны болгон.

Copyright © 2017 Maral FM