Биз менен байланышыңыз

ТИМ: 2019-жылда Кыргызстан ири иш-чараларды өткөрдү

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 436 | 0

Тышкы иштер министрлиги өтүп бараткан жылда жасалган иштери тууралуу маалымат жыйын курду. Министрдин орун басары Азизбек Мадмаров быйыл ири иш-чаралар өткөнүн айтты.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, Мадмаров Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйындарына төрагалык кылганын айткан.

Чет өлкөлөр менен ынтымакты чыңдоо максатында бир топ иштер жүрдү. Жаңы жылда ЕБ менен жаңы келишимге кол коёбуз. Бул маселе күтүлүп жатат. Кыргыз Республикасы ЮНЕСКОго төрага шайланды. Бул да болсо өзүнчө жетишкендик. Экологиялык дипломатия боюнча маселелер бизге милдеттендирилди, — деди Азизбек Мадмаров.

Министрдин орун басарынын айтымында, мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоо президенттин негизги багыттарынын бири жана бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат.

Ал ошондой эле, мамлекет башчысы чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо тапшырмасын бергенин кошумчалады

Copyright © 2017 Maral FM