Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк Банк Кытайдын айынан жаңы кризис башталганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 3132 | 0

Мурунку глобалдык финансылык кризис болуп өткөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болгонуна карабай, экономисттер кайрадан жаңы кризис тууралуу коңгуроо кагышууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай маалыматты Дүйнөлүк Банктын аналитиктери изилдеп чыгышты. Алардын айтымында, алдыдагы кризис мурдагыдан да күчтүү болот.

Ондогон өлкөлөрдүн учурдагы экономикалык тенденциясына байкоо жүргүзгөн ДБ аналитиктери, жаңы кризис жакындады деген жыйынтыкка келишкен. Жаңы кризис мурдагыга окшобостон, кыйраткычтыгы жагынан мурунку кризистен ашып өтөрү айтылган.

Дүйнөлүк Банктагы башкы маселеге көңүл бурсак, жалпы дүйнө боюнча жеке да, мамлекеттик да карыздар өсүп барат. Дүйнөлүк карыздын көлөмү 246 триллион долларга жетти. Бул – глобалдык ИДПдан 3 эсеге көп болгон рекорддук көрсөтүч.

Дүйнөлүк кризистин борбору – Кытай болуп саналат. Акыркы 10 жылдан бери Кытай жаңы карыздын башкы генератору болуп келген.

2010-жылдан бери Кытайдын төлөй турган милдеттенмелеринин ИДПга болгон катышы төрттөн үч эсеге көбөйүп, 255 пайызды түзгөн. Ал эми жалпы карыздын көлөмү 20 триллиондон ашкан.

КЭРдин корпоративдик карызы дүйнөдөгү эң чоң карыздардын бири. 2008-жылы дүйнөлүк коллапс болгондо, Пекинде кредиттөөнү кеңейтүүгө маани  беришкен. 2016-жылдан бери ИДП 160 пайыз болуп, бул корпоративдик карыздын деңгээлине жана жалпы 230дун деңгээлине жеткен.

«Кытайда жасалган — 2025» стратегиялык программаны ишке ашыруу максатында Пекин акыркы жылдары жаңы технологияларга жетишүу үчүн батыш компанияларын сатып ала баштады. Бул үчүн кытай ишкерлери активдүү түрдө карызга акча ала башташты. Мунун айынан Кытайдын корпоративдик карызы кескин түрдө өскөн.

Кытай ишкерлерине кредит алууга көмүскө банк шарт түзүп берет, бул сектор коркунуч жарата турган деңгээлге чейин өскөн. Көптөгөн кардарлар насыяга батып, мыйзамга ылайык жаңысын ала албагандыктан, ортомчуларга кайрылуулар көбөйгөн. Кытай банктары насыяны кардарлар менен банктын ортосундагы ортомчуларга берип башташат.

2012-жылдан бери көмүскө насыя берүүчүлөр көлөмү боюнча да, насыя берүү ылдамдыгы жана активдерди башкаруудагы кызмат көрсөтүү боюнча да расмий каржы институттарынан ашып өтүүдө. Бул механизм ири сумманы оңой насыяга алууну сунуштайт, бирок аны ошончолук тобокелчилик да коштоп турат. Мындай көмүскө банктардын айынан кытай компанияларынын карызы өсүп жатат.

Учурда Кытайдын бул сектордогу карызынын көлөмү 7 триллион долларга жеткен.

Эл аралык валюта фонду буга чейин бул жол өлкөнүн экономикасын кыйратууга жөндөмдүү жана 1997-жылдагыдай жаңы азиаттык кризисти жаратышы толук мүмкүн экендигин эскерткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM