Биз менен байланышыңыз

Белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков Алматыда учак кырсыгында жабыркагандарга операция жасайт

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 1603 | 0

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматы шаарына барды. Авиакырсыкта жабыр тарткандардын жакындары жардам сурап кайрылганын  дарыгер өзү маалымат каражаттарына билдирди.

Белгилүү сыныкчы дарыгери Жумабеков бир нече хирургдардан турган команда менен шалышыш Алматыга жөнөп кеткенин билдирген. Анын айтымында, кырсыктагандардын көпчүлүгүнүн буту, колу, омурткасы сынган.

Иш оор болот, ошентсе да биздин команда жапа чеккендердин баарына жардам беребиз деп ойлойм. Колубуздан келген аракеттин баарын жасайбыз, — дейт Сабырбек Жумабеков.

Copyright © 2017 Maral FM