Биз менен байланышыңыз

«Ата-Мекендеги» ажырашуу

Саясат | 27 Дек 2019 | 853 | 0

Бүгүн саясатчы Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, “Ата-Мекен” партиясынан кеткенин жарыялады. Шыкмаматов партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу болгон деп түшүндүрдү. Ал арада фракция жыйын өткөрүп,  лидерликке депутат Айсулуу Мамашеваны дайындашты.

Күндүн негизги саясий жаңылыгы саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун “Ата Мекен” партиясынан чыкканын жана мандатын тапшыруу боюнча арыз жазгандыгы болду. Мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан Шыкмаматов өзүнүн партиядан чыкканын себебин «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу болгон деп түшүндүргөн. Мындай аракети менен Шыкмаматов саясаттан кетпей тургандыгын жана пикирлеш саясатчылар менен бирге жолун улай тургандыгын белгилеген.

-«Ата-Мекен» партиясы, негизи, күчтүү жана ишеничтүү адамдардан турат. Мен бул партиянын катарында 15 жылдан бери саясатка аралашып келе жатам. Саясатчы катары «Ата-Мекен» партиясында бышып жетилдим. Албетте, мен өз партиялаштарыма жана анын лидери Текебаевге сыйым жогору. Текебаев кандай болгон күндө да, тарыхий адам жана харизмалуу саясатчы. Ал саясий жүрүштөрдө эң мыкты комбинация жасагандыгы менен айырмаланып турат. Мен андан көп нерсени үйрөндүм. Бирок менин катачылыгым — өзүм  кумир жаратып алганым болду.

Ал арада “Ата Мекен” партиясы жыйын өткөрдү. Негизги маселе фракцияга жаңы жетекчини дайындоо болду. Жыйын партиянын кеңсесинде болуп өттү. Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, парламентке келген соң партияны унуткан депутаттар боюнча кеп козгогон. Ал бул тууралуу төмөнкү сөзүн айтты:

 -Фракциянын жыйыны партиянын офисинде өттү. Көп убактарда депутат болгондон кийин өз киндигин өзү кескендей болуп, партиясын унутуп кеткен депутаттар көп. Ата-Мекен фракциясындагы депутаттар андайлардан эмес, — деди.

Текебаев буга кошумча Алмамбет Шыкмаматов менен пикир келишпестик болбогонун айтты. Ошондой эле Шыкмаматов партиядан чыгуу боюнча арыз жазбагандыгын, эгерде арызы түшсө, өзү баш болуп аны кабыл албай тургандыгын белгиледи:

 -Мен пикир келишпестикти байкаган жокмун. Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча анын официалдуу арызы келген жок. Эгерде келсе, мен баш болуп аны кабыл алуудан баш тартабыз.

 Шыкмаматовдун “Ата Мекен” партиясынан кетиши күндүн саясий жаңылыгы болду дегенибиз да бекеринен эмес. Саясат таануучу Эмил Жураев бул окуя күтүүсүз, ошол эле учурда кейиштүү жагдай болгонун белгилейт. Стабилдүү жана бекем партия катары келаткан “Ата- Мекенчилердин” ортосунда парламенттик шайлоо алдында талаштуу маселе жаралып калган болушу мүмкүн экенин айтат.

-Мүмкүн, күтүлгөн ар кандай стратегиялык негизде терең пикир келишпестиктер пайда болгон көрүнөт. Бул жагдайдын эң эле чоң терс таасири сокку партияга тиет. Менимче, бул окуя шайлоо алдында партияга күчтүү, терс эффект берип калды. Шыкмаматовдун өзүнө кандайдыр бир таасир бериши же анын саясий келечегине терс таасир тийгизет дегенден мен алысмын. Көпчүлүктүн алдында Шыкмаматов принципиалдуу киши катары, ойлонбой туруп бир күндө чечим чыгаргандыгы менен мандатын тапшыргандыгы — ал кишиге көбүрөөк аброй берип койду.

 Дагы бир саясат талдоочу Акылбек Сариев да бөлүнүүнүн так себебин азырынча айтуу кыйын деп эсептейт. Ал Шыкмаматовдун партиядан чыгышы “Ата Мекендин” аброюна, атына таасири болбойт деген ойдо.

Эми кайрадан “Ата Мекен” фракциясынын жыйынына кайтып келсек. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, негизги маселе катары жаңы фракция лидерин даярдоо каралган. Алдын ала партия жетекчилигине эл өкүлдөрү Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиевдердин аты аталып жаткан. Бирок кийин маалым болгондой, фракцияга жетекчи болуп жаш депутат Айсулуу Мамашева дайындалды. Ал өзү да бул чечимдин күтүүсүз болгонун айтты.

Эки жолу тең эки талапкердин добуштары тең чыгып, үчүнчү жолкусунда башка талапкер сунуштоону чечишти. Ошентип мен сунушталып, баары колдоп кетишти. Башында шок болдум. Эми, буюрса, бул милдетти аткарууга аракет кылам.

Маалыматка ылайык, алгач 5тен добуш алып калган депутаттар Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов болгон.

Парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев Шыкмаматовдун партиядан кетип, мандатын тапшырышын — парламенттин тараганга даярдана баштаганы катары баалады. Ал буга кошумча катары, саясатта мындай окуялар болуп турарын жана Шыкмаматовдун партиядан кетиши “Ата Мекен” партиясынын атына, аброюна таасирин тийгизбей тургандыгын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM