Биз менен байланышыңыз

БШК “Ата Мекен” партиясынын төрт мүчөсүн тизмеден чыгарды

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 2022 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шерди партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.

Мындай чечимди БШК бүгүнкү отурумунда кабыл алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алар өз ыктыяры менен аталган партиянын катарынан чыгуу боюнча БШКга кайрылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM