Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 14кө жетти. Бул тууралуу шаардын акими билдирди.
Андан сырткары, 35 жабырлануучу ооруканага жеткирилген, алардын 17синин абалы оор.
Эске салсак, бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7.22де Алматы – Нурсултан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунун алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда жалпы 100 адам, 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон.
Айша
29.12.2019 20:02
Кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, маркумдардын жаткан жерлери жайлуу, ыйманв саламат болсун дейбиз. Мындай каргаша эч кайталанбасын. Кайрат кылыңыздар!