Биз менен байланышыңыз

Тажикстан президенти: Ашар жолу менен мечит кургандай, мектептерди да куралы

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 817 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке карата билдирүүсүндө өлкөнүн билим берүү системасын калыптандырып, өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Avesta порталы жазды.

«Бир да мамлекет мыкты билим берүү системасы жок өнүгө албайт. Өлкөнүн келечеги – элдин билиминен көз каранды»,- деди президент.

Эмомали Рахмон башка сабактардын катарында, так илимдер менен мекен таанууну жакшылап окутуу зарыл экенин айтты.

2020-2040-жылдар аралыгындагы 20 жылды өнүгүү жана так илимдер менен мекен таанууну окутуу жылы деп жарыялоону сунуштады.

«Акыркы жылдары өлкөбүздө ашар жолу менен 5 миңден ашык мечит курулду. Бул кимге, улуу муун үчүн. Курулушка эч ким мамлекеттен каражат сурабай эле өздөрү бүтүрүштү. Эми ошентип, баарынын катышуусунда өсүп келаткан муун үчүн мектептерди, медициналык жайларды куралы»,- деп аяктады сөзүн Рахмон.

Copyright © 2017 Maral FM