Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда CASA-1000 долбоору тендер жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 757 | 0

Тажикстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Рогун-Сангтуда» ортосунда электр өткөрүүчү линияларды жеткирүү жана оңдоп-түзөө үчүн кезектеги тендер жарыяланды.

Тажикстандын энергетика жанан суу ресурстарынын министри бул долбоорду ишке ашыруунун үлгүсүн даярдаган. Ага ылайык, Рогун станциясынан Сангтуда станциясына чейин 500 кВ электр тогун жеткирүүчү линиялардын узундугу 118 кмди түзөт.

Буга чейин, CASA-1000 проекти Датка-Худжанд аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандын энергосистемасын бириктирүүчү курулуш тууралуу айткан. Энергетиктер буга көп убакыт коротуларын белгилешет.

Долбоор ишке ашса, Тажикстан менен Кыргызстан Ооганстан менен Пакистанга жылына 1300 МВт көлөмүндө электр энергиясын экспорттой алат.

Ошондой эле, электр энергиясын ташып-сатууга жана Борбор Азия менен Түштүк Азияда (CASAREM) электроэнергетикалык рынокту түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.

CASA-1000 долбоорунун жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашат. Долбоордун каражаты төмөнкүдөй бөлүнгөн: Тажикстан – 314 млн. доллар, Кыргызстан – 209 млн. доллар, Ооганстан – 354 млн. доллар жана Пакистан – 209 млн. доллар.

Долбоордун Тажикстандагы бөлүгү 2021-жылга аяктап калары мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM