Биз менен байланышыңыз

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 40 күнгө узартылды

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 548 | 0

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Мындай кабарды Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. 2019-жылдын июль айынан 31-декабрга чейинки берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Өкмөтүнүн кечээ чыгарган буйругу менен 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркети району) кабыл алынууда.

Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Деген менен Мамлекеттик каттоо кызматы учурдагы убактылуу айдоочулук күбөлүктөр көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жарактуу экенин эскертет. Ал эми убактылуу күбөлүктү алмаштыруу ар бир жарандын өзүнүн эрки менен жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM