Биз менен байланышыңыз

2020-жылы «Акжол-Кордай» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 515 | 0

2020-жылдын январында реконструкция  жүрө тургандыгына байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Акжол-автожол” – “Кордай-автожол” өткөрүү жайларында жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагында  дагы беш өткөрүү жайы жайгашкан: “Ак-Тилек–автожол”, “Токмок– автожол”, “Кең-Булуң – автожол”, “Чалдыбар – автожол”, “Кайыңды – темир жол”.

“Ак-Тилек–автожол” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун  Хунчи айылына жакын жайгашкан.

“Токмок–автожол” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын  жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю. Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

“Кең-Булуң – автожол” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын  жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булуң айылына жакын жерде жайгашкан.

“Кайыңды – темир жол” көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал  Кайыңды шаарында жайгашкан.

“Чалдыбар–автожол” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун  Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

Баардык өткөрүү жайлар түнү-күнү иш алып барышат.

Азыркы учурда казак тарап менен “Токмок– автожол” жана “Кең-Булуң – автожол” өткөрүү жайлары аркылуу үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өткөрүү жайларынын иштөө тартибине байланыштуу баардык өзгөрүүлөр туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы кошумча маалымат берет.

Copyright © 2017 Maral FM