Биз менен байланышыңыз

Бишкекте маршруттук унаа сүзүп кеткен аял каза болду

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 541 | 0

Бишкектин чок ортосунда эл ташыган маршруттук унаа 40 жаштардагы аялды коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен аял ошол жерде жан берген. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов “Маралга” билдирди.

Окуя бүгүн, 25-декабрда эртең мененки саат 09:00дөрдө катталган.

161-маршруттук каттамдын унаасын башкарып бараткан 41 жаштагы айдоочу Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жол четинде кетип бараткан аялды тебелеп кеткен. Кырсыктан 45-50 жаштагы европа улутундагы аял жеринде жан берген, — деди Тилек Оторов.

Ошондой эле, Тилек Оторов окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иш жүргүзүп, бардык чогултулган иш кагаздары Бишкек милициясынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM