Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Өлкөдө колледждердин бюджети реформаланат

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 349 | 0

Кыргызстандагы колледждердин бюджетин түзүүдөгү жаңы ыкмалар талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн тегерек столдо айтылганын аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Реформанын негизги максаты – эмгек базары талап кылган кесипкөй адистерди даярдоо үчүн бюджеттен бөлүп берилген каражатты максаттуу пайдалануу жана кыздар үчүн колледждердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналары айтылды.

Тегерек столдо каржылоо нормативдерин аныктоо боюнча сунушталган жаңы методикалар жана колледждерди каржылоо эрежелеринин эсептөө методикалары талкууланды.

Каржылоонун жаңы методикаларынын апробациясы сегиз алдыңкы тажрыйба борборлорунда өтөт. Бул борборлор Кыргызстандын ар бир облусунда эң мыкты колледждердин практикаларын изилдөө, аны киргизүү жана өнүктүрүү үчүн ачылган, — деп айтылат билдирүүдө.

Колледждерди каржылоонун эффективдүүлүгүн анализдөө “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасынын” колдоосунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын орто кесиптик билим берүү тармагын каржылоону реформалоо алкагында 2019-жылдын сентябрь айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM