Биз менен байланышыңыз

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы чырда каза болгон Муминовдун жубайын кабыл алды

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 1396 | 0

Президент  Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, Равшан Муминов Мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгиледи.

Мамлекет башчысы аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганын белгиледи. Ал Равшан Муминовдун эрдиги Мекенге чын ниет менен кызмат кылуунун жана чыныгы патриотизмдин үлгүсү экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды. Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи. Өкмөт тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак-жай алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM