Биз менен байланышыңыз

Эне өлүмү боюнча көрсөткүч 10 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 396 | 0

Кыргызстанда быйыл 11 ай ичинде эне өлүмү боюнча көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маселен, 100 миң жаңы төрөлгөн ымыркайдын 27,4ү өлүмгө дуушар болот.

2018-жылы бул көрсөткүчтө 100 миң жаңы төрөлгөн ымыркайдын 30,6 өлүмгө кабылган.

Министрлик бул көрсөткүчтү боюнда бар айымдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы деп сыпаттайт.

Бул багытта жыл сайын мамлекеттик каржылоо 1 млн сомго көбөйтүлүп келгендиги билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM