Биз менен байланышыңыз

Казакстан өлүм жазасынан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 590 | 0

Казакстанда өлүм жазасы жокко чыгарылды. Мындай мыйзамды өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев кабыл алды.

2003-жылдан бери өлүм жазасына мораторий киргизилгени менен, бирок толугу менен баш тарта элек болчу. Учурда Казакстандагы эң оор жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналып калды.

Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Казакстанда 536 жолу өлүм жазасына тартылган учурлар катталган.

Copyright © 2017 Maral FM