Биз менен байланышыңыз

Москвадагы ок атуудан дагы бир ФСБ кызматкери каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 792 | 0

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) экинчи кызматкери ок атууда алган жаратынан улам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети тастыктады.

Эске салсак, 19-декабрь күнү кечинде Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жайгашкан Москванын Лубянская аянтында белгисиз адам атуучу куралдан ок чыгарган. Андан улам ошол жерде 1 коопсуздук кызматкери каза болуп, дагы 5 адам жабыркаган. ФСБнын эки кызматкери өтө оор жаракат алган. Ошондой эле, жабыркагандардын арасында бир жай тургун да болгон.

Жергиликтүү маалымат булактары муну «террордук аракет» катары баалап жатышат.

ФСБ кызматкерлери чабуул жасаган адам 39 жаштагы Евгений Манюров экендигин ырастады. Ок атуу учурунда өлтүрүлгөн адамдын чабуул жасоо максаты белгисиз экенин айтышууда.

Коопсуздук кызматкеринин айтымында, ок аткан адамдын террорчуларга байланышы бар болушу мүмкүн. Бул инцидент президент Путиндин Кремлде чалгынчылар күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жаткан учурда провокация кылуу максатында уюштурулган аракет болушу мүмкүн деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM