Биз менен байланышыңыз

15 мектепке кошумча имарат салынат

2020-жылы республика боюнча 15 мектепке кошумча имараттар салынат. Ал үчүн республикалык бюджеттин “Бирдиктүү депозиттик эсебинен” 799 млн 300 миң сомдон ашык каражат каралган. Мектептердин курулуш иштери жаңы окуу жылына чейин аяктары айтылды. Жыл башынан бери 28 мектепте капиталдык курулуш иштери бүттү. Ал эми авариялык абалдагы 32 мектепте калыбына келтирүү жумуштары жасалып жатат.


Ички миграциянын айынан Бишкекте мектептер 3-4 кезмет менен иштөөгө аргасыз. Маселен, 375 окуучуга ылайыкталган мектепте 2 миңден ашуун бала билим алып жатат. Көйгөйдү жоюу максатында 2019-жылга карата Бирдиктүү депозиттик эсептен жалпы суммасы 799,3 млн сом каралып, кошумча имарат салуу үчүн 15 мектеп аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата 95 млн сом бөлүнүп, 2 билим берүү мекемесинде курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди:

— Бишкек шаарында №12 мектептеги кошумча имараттын сметалык баасы 98 млн сом болсо, тендерлик наркы 71 млн сомду түздү. Ошондой эле Орок айыл аймагындагы мектептин жалпы сметалык наркы 129 млн сомго бааланса, тендердик баасы 92 млн сомду түздү. Учурда мекемеде курулуш иштери жүрүп жатат. Эки мектепке тең бюджеттен 41 млн сомдон каражат бөлүндү. Учурда 62 млн сомдун тегерегинде иштер жасалды. Анда спорт зал, ашкана, жыйын залы да каралды. 

Аталган мектептер 2020-жылдын май айында колдонууга берилет. Калган 13 мекеме боюнча тендердин негизинде куруучу компаниялар аныкталып, 9 объектте курулуш жумуштары башталды. Ал эми 3 мекеме боюнча подряддык уюмдар менен келишимдерди түзүү алдында турат. Ошондой эле, 2 объект конкурстук комиссиянын кароосунда турат. 1 объекттин конкурстук табыштамалары 2019-жылдын 26-декабрында ачылат.

15 объекттин жалпы наркы болжолдуу түрдө 941 млн 900 миң сомду түзөт. Эркин Абдразаков курулуш иштеринде каржылык маселе жаралбай турганына ишендирди:

— Мектептердеги курулушутарды президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алган соң каржылык маселе жаралбайт деп ойлойбуз. План боюнча эки мектеп 2020-жылдын 1-майына аякташы керек. Калган 13 мектеп 2020-жылдын 1-сентябрында колдонууга берилет. 

Жыл башынан бери 28 мектепте капиталдык курулуш иштери бүткөрүлдү. Ал эми 14 мектеп менен 1 бала бакчанын капиталдык оңдоп түзөө иштери аяктады. Ага 264 млн 500 мин сом сарпталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова кабарлады:

— Бүткөн объетилердин ичинен: 41 – капиталдык курулуш объектилери, капиталдык оңдоп-түзөө объекттери – 33; таза суу боюнча – 9 объект. Алар 22 айылды таза суу менен камсыздайт. Капиталдык курулуш объектисинин ичинде 28 мектеп, 6 саламаттык сактоо, 1 маданият үйү, 2 спорт тармагындагы объект жана 1 турак-жай бар. Андан тышкары, дагы 3 объект бар: Нарын шаарындагы аянт, Талас облусундагы ат майданы, Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык балдар мекемеси. 

Билим берүү министрилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрилиги ноябрь айында Курулуш агенттигине авариялык абалдагы 242 мектептин тизмеси жиберилген. Учурда ал тизмени тактоо иретинде түзүлгөн өкмөттүк комиссия иш алып барууда. Комиссия жыл соңуна чейин корутундусун чыгарат. Азыркы тапта авариялык абалдагы 32 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов маалымдады.

— Авариялык абалда болгон 32 мектепте курулуш жүрүп жатат. Андан сырткары, Сауд Аравия Фондусу тарабынан каржыланган 24 объекттин ичинен 16 мектепте курулуш иштери башталды. 

Билим берүү обьекттеринин курулушу

2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине 1224,7 млн сомго 162 билим берүү объектиси киргизилди:

—        133 мектепке спорттук зал 1029,5 млн сом;

—        29 бала бакчага 195,2 млн сом.

Финансы министрлиги тарабынан 2019-жылга каралып, бүгүнкү күнгө 1190,6 млн сомго каржылоо ачылды.

Билим берүү обьектилерин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 

2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объектилердин тизмесине 138,6 млн сомго 58 билим берүү объектиси киргизилген:

—        51 мектеп;

—        7 бала бакча.

Бүгүнкү күнгө бул объектилерге каржылоо толугу менен ачылды.

Сауд Аравия Фондусунан каржылануучу обьектилер 

Сауд Аравия Фондсунун эсебинен каржылануучу билим берүү объектилердин тизмесинде бекитилген 27 объекттин ичинен бүгүнкү күнгө баардык объекттердин долборлоо-сметалык документтери даярдалып бүтүп, экспертизанын кароосунан чыккан.

Азыркы учурда 27 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары боюнча конкурс жарыяланган, алардын ичинен:

—        15 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүлүп, 14 объектте курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат;

—        9 объекттин конкурстук отчеттору Сауд Өнүктүрүү фондуна кароого жана макулдашууга жөнөтүлдү;

—        2 объект конкурстук комиссиянын кароосунда;

—        1 объект боюнча кайрадан конкурс жарыяланат.

Авариялык абалдагы мектептер 

Курулуш агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2019-жылдын август айында өтө кооптуу абалдагы 17 билим берүү объектисинин тизмеси жиберилген.

17 объекттин ичинен:

—        7 объект боюнча курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө;

—        1 объект Сауд Өнүктүрүү Фондусу тарабынан каржылануучу объекттердин тизмесине бекитилген;

—        6 объект боюнча долборлоо-сметалык документтери даяр же аткарылууда;

—        3 объект 2019-жылдын долборлоо-сметалык документтерин даярдоо тизмесинин долбоорунда камтылды.

2019-жылдын ноябрь айында Курулуш агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 242 билим берүү объекттеринин тизмеси жиберилген.

Аталган объекттер боюнча анализ жүргүзүлүп, 242 объектти бүткөрүүгө 12796,5 млн сом керектиги аныкталган, анын ичинен:

— 91 объект боюнча Курулуш агенттиги тарабынан долборлоо жана курулушу жумуштары жүргүзүлүүдө, аларды бүткөрүүгө  5115,6 млн сом керектелет;

— 16 объект Сауд Аравия Фондусунун Тизмесинде, аларды бүткөрүүгө 1088,6 млн сом керектелет;

— 135 объект эч бир Тизмеде камтылган эмес, аларды бүткөрүүгө 7680,9 млн сом керектелет.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатына жалпысынан 96 объект бүткөрүү пландалган. Анын ичинен 92 объект бүткөрүлүп, калган 4 мекемеде иштер аяктоо алдында.

Copyright © 2017 Maral FM