Биз менен байланышыңыз

Путин: Рамзан Кадыров «Эмгек баатыры» наамына татыктуу

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 889 | 0

Путин Чеченстандын мурдагы президенти Ахмат Кадыров террорчулардын колунан каза болгонун эскерип:

-Учурдагы Чеченстандын президенти, Ахмат Кадыровдун уулу Рамзан Кадыровдун өмүрү да ар күн сайын коркунуч менен коштолот,- деп белгиледи.

Путиндин тыюу салганына карабай, Чеченстан президенти аскердик операцияларга өзү да кошо аралашып келерин айтып, Рамзан жана Ахмат Кадыров — ата-бала «Орусия Баатыры» наамын татыктуу болуп алышканын баса белгиледи.

«Рамзан Кадыровго Орусия Баатыры менен бирге Эмгек баатыры наамын да берсек болот. Бирок азырынча Рамзан бираз жаш, күтө турсун«, -деп тамашага салды.

Бул тууралуу Кадыровдун маалымат-катчысы Альви Каримов билдирүү жасады. Анын айтымында, Рамзан Ахматович эч качан эч кимдин артына жашынбайт. Качан, кайсы жакта операция жүргүзсө, ошол жакта болуп, иштин башында турарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM