Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттуктады

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 564 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө президент коомдун бейпилдиги жана коопсуз жашоосу, адамдардын өз өлкөсүнүн келечегине ишеними УКМКнын эмгегиңинен көз каранды экенин белгилейт:

Сиздердин чечкиндүү жана иш билги аракетиңиздер менен маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, өлкө жарандарынын тынчтыкта жаратмандык эмгек менен алектенүүсү үчүн шарт түзүлөт.

Кесиптик майрам күнү коопсуздук органдарынын ардагерлерине өзгөчө ыраазылык билдиргим келет. Сиздердин өрнөктүү ишиңиздер жаш кызматкерлер үчүн ар дайым үлгү болуп кала берет, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин каармандыгы жана кесипкөйлүгү мындан ары да жарандарыбыздын бейпилдигинин кепилдиги катары кызмат кыларына ишеним артарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM