Биз менен байланышыңыз

ФСБ кызматкерин атып өлтүргөн адамдын максаты белгисиз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 535 | 0

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын (ФСБ) Москвадагы имаратында ок атуудан улам бир кызматкер курман болду. Андан сырткары, 5 адам жабыркаган. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик ФСБнын эки кызматкери «өтө оор жаракат» алганын билдирди. Ошондой эле, жабыркагандардын арасында бир жай тургундун бар экени да айтылууда.

Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү кечинде Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жайгашкан Лубянская аянтында белгисиз адам атуучу куралдан ок чыгарган. ФСБ кылмышкердин тек-жайы аныкталганын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат булактары муну «террордук аракет» катары баалап жатышат.

Орусиядагы ​»Пятый канал» жана РЕН телеканалдары чабуул жасаган адам 39 жаштагы Евгений Манюров экендигин айтып чыгышты. Андагы маалымат боюнча, Манюров 27-28-ноябрда өткөн аткычтардын мелдешинде 3-орунду алган. Ок атуу учурунда өлтүрүлгөн адамдын чабуул жасоо максаты белгисиз экенин айтышууда.

Коопсуздук кызматкеринин айтымында, ок аткан адамдын террорчуларга байланышы бар болушу мүмкүн. Бул инцендент Президент Путиндин Кремлде чалгынчылар күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жаткан учурда провокация кылуу максатында уюштурулган аракет болушу мүмкүн деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM