Биз менен байланышыңыз

«Урматтуу президент, Садыр Жапаровго ырайым бериңиз!»

Саясат | 19 Дек 2019 | 929 | 0

Бишкектеги Горький атындагы паркта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары, жарандык активисттер, саясатчылар “элдик жыйын” өткөрүштү. Акциянын негизги талабы Жапаровду абактан бошотуу маселеси болду. Сөз сүйлөгөндөр Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, экс-депутат Садыр Жапаровго ырайым берүүсүн суранышты. 

Барымтага алуу беренеси боюнча камалган мурунку депутат, саясатчы Садыр Жапаров сот тарабынан 11 жыл 6 айга эркининен ажыратылган. Саясатчынын тарапташтары аны саясий куугунтуктоонун курмандыгы болгондугун айтышып, абактан бошотулуусун талап кылып келишүүдө.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун туугандары 17-октябрда президенттен ырайым сурап кайрылышкан. Жактоочу Шарабидин Токтосунов Жапаровго карата ырайым берүү маселеси себепсиз создуктурулуп жаткандыгын айтат:

-Негизи, мунапыс мыйзамдуу түрдө баарына берилиши керек. Баарына берилди да, Садыр Жапаровго келгенде бүгүнкү күндө иши прокуратурада турат. Ал эми ырайым боюнча да кайрылганына эки айдан ашуун убакыт өттү. Бирок акыркы жолу администрация кворум жок деп караган жок. Эптеп шылтоолоп карашкан жок. Ар түрдүү жүйөлөр менен артка жылдырылып жатат.

Мыйзамга ылайык, ырайым берүү боюнча кат президенттин атына жазылат. Аны адегенде атайын комиссия карап чыгып, президенттин аппаратына жиберет. Андан соң, президент чечим кабыл алат.

Садыр Жапаров менен жакын дос экендиги айтылып келген мурунку депутат, саясатчы Камчыбек Ташиев да президентке Жапаровду бошотуу суранычы менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Жапаровдун эркиндикке чыгышы бүгүнкү күндө элдин талабы экенин белгиледи:

-Садырдай таза жүрүп, Саыдрдай элин сүйгөн адамдарды өтө-өтө аз көрдүм. Кыргыз кыйналып жатат, “качан оңолобуз” деп жатабыз. Ким оңдойт? Садырдай балдарыбыз оңдойт. Ошондуктан мен элимдин алдында дагы бир жолу айтып кетейин. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Садыр Нуркожоевичти чыгарып бериңиз! Садыр Нуркожоевичтин эркиндикке чыгышы бир гана сизге байланыштуу болуп турат. Бир гана сиз Садырдын жазган ырайымына кол коюп, чыгарып берсеңиз, элибиз ыраазы болот. Биз сиздин жообуңузду күтөбүз!

Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Садыр Жапаровго президенттин  ырайым берүүсү тууралуу төмөнкүдөй ой-пикири менен бөлүштү:

-Садыр Жапаров президенттен ырайым сурагандыгы боюнча маалымат тарады эле, азыр аны бошотуу же бошотпоо президенттин ыктыярындагы маселе. Ырайымдуулук сурап жазгандан кийин канча күндө же айда каралыш керектиги боюнча так маалымат билбейт экенмин. Бирок, менин оюмча, андай нерсе жок болуш керек. Ошондуктан “кайсы бир мыйзам бузулуп жатат, бул — ишти атайын чоюп же кыскартып жатат” деген жүйөө, менин оюмча, таптакыр туура эмес.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат. Ал барымтага алуу боюнча айыпталып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Садыр Жапаров өзү бул айып жасалма жана атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгон деп эсептеп, барымтага алууга эч кандай тиешеси жок болсо да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM