Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 394 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексинин долбоорунун концепциясы сунушталды.

«Эгемендүүлүк жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу калыптануунун баскычтарын басып өтүп, өнүгүү жолуна түштү. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында айткандай, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин иштеп чыгууга убакыт келип жетти», — деп баса көрсөттү Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бул долбоорду иштеп чыгуунун башкы максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүткүл мыйзамдык базасын бир документке бириктирүү болуп саналат.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексин иштеп чыгуу боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен тез арада Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу жана аны ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизүү тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ Премьер-министрдин ушул жылдын 28-июнундагы № 240-б буйругуна ылайык түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM