Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо кызматынын төрагасы «Кактус медианы» сотко берет

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 395 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов «Коопсуз шаар» камераларына түшүп калган жасалма мамлекеттик номер тагылган унаа боюнча маалымат берип, «жасалма номер таккан айдоочу Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн» деп жазган ММКларды сотко берерин бүгүн, 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Кактус медиа» менен соттошобуз. Учурда башка маалымат агенттиктерин карап жатабыз. Жеке адам катары сотко беребиз» ,-деди ал.

Аны менен бирге ал унаада ким отурганы эмес, жеке маалыматты ким чыгарганы маанилүү экенин айтты.

«Бүгүн ал мага катыштуу болсо, эртең башка тууралуу болот. Андан кийин маалыматтар сатылып, шантаж башталып, акырындап бизнеске айланат. Аны башынан эле токтотуу керек. Жеке маалыматтардын жайылышы менен мыйзам бузулууда. Мындай учурлар болбошу керек»  , — деди Мамбетов.

Ошондой эле ал айтылып жаткан маалыматтар Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунан чыкканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда «01 578 ASD» номур беш түрдүү унаага тагылганы аныкталган. Алардын биринде Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшош бирөө унаа башкарып баратып, жанында отурган айымдын койнуна кол салып жаткан сүрөтү чыккан.

Бул коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM