Биз менен байланышыңыз

Депутат Примов Чек ара кызматын түштүккө көчүрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 786 | 0

Депутат Улан Примов Мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түштүк аймакка көчүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал Парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

Примов кечээ Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылындагы тажик-кыргыз чырын, анын кесепетинен аскер жана жай тургундардын жаракат алганын мисал келтирди.

Баарыбыз күбө болдук, аскерибизге, жергиликтүү тургунга ок тийди. Дагы төртөө ар кандай жаракат алды. Бул деген Мамлекеттик чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түштүк аймакка көчүрүү зарылдыгынан кабар берет. Орчундуу делген чек ара, чукул кырдаалдуу маселелер Баткен, Жалал-Абад облустарында болуп жатат. Аталган мекемелер көчүп барса, жеринен чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт деп эсептейм, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM