Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылышына катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат.
Мындан тышкары, Абылгазиев жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы маанилүү маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.