Биз менен байланышыңыз

Тажикстан быйыл 46 млн долларлык гуманитардык жардам алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 517 | 0

Тажикстанга ушул жылдын январь-ноябрь айларында 46 миллион долларга жакын гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Avesta.Tj порталы жазды.

55 өлкө көрсөткөн жардам Тажикстанга медициналык каражат жана азык-түлүк түрүндө келген.

Тажикстан 11 айда 15 миң тонна гуманитардык жардам алган.

Жардам колун сунгандардын арасында: Орусия (27,7 процент), Кытай (24,7 процент), Өзбекстан (10 процент) жана башка өлкөлөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM