Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек ара чыры боюнча эки тараптуу сүйлөшүү кайра башталды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 546 | 0

Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылындагы абал боюнча эки тараптуу сүйлөшүү кайра башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Учурда сүйлөшүүлөр эки тараптын чек ара кызматтарынын, облустук бийликтин башчыларынын орун басарларынын, чек арадагы райондордун акимдеринин жана Кыргызстан менен Тажикстан күч органдарынын башчыларынын деңгээлинде жүрүп жатат.

Тараптар ошондой эле өз элинин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Баткен облустук бириккен ооруканасында тажиктер аткан октон жаракат алган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринин жоокерине операция жасалууда.

Алдын ала маалымат боюнча Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу сол колунан жаракат алганы кабарланууда. Мындан сырткары 4 адам түрдүү жаракат алышкан. Алардын үчөө ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкери, дагы бири катардагы жаран. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен облусуна учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM