Биз менен байланышыңыз

Египетте казак элчилигинин кызматкери кайтыш болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 537 | 0

Каирде Казакстандын Египеттеги элчилигинин кызматкери Еламан Жолдасов каза болду. Маалыматтын чындыгын Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастады.

Учурда Египет прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айткан министрлик, буга байланыштуу тергөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий версия жарыяланганга чейин окуя тууралуу далилсиз жоромолдорду айтпоого чакырган.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, ТИМдин өкүлү тергөө иштерине катышуу үчүн Египетке жөнөтүлгөн.

Жергиликтүү булактардын маалыматына таянсак, Еламан Жолдасовдун сөөгү 13-декабрда, Каирде үйүнүн кире беришинде табылган.

Copyright © 2017 Maral FM