Биз менен байланышыңыз

Балыкчы – Жел-Арык багытындагы жүк ташуучу поезд кырсыкка кабылды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 820 | 0

Балыкчы – Жел-Арык багытында бараткан жүк ташуучу поезд темир жолдон чыгып кетип, 8 вагон оодарылды. Адам өлүмү, адамдан ден соолугуна залал келүү фактысы катталган эмес.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

— Аталган багыт боюнча жол убактылуу тосулган. 8 вагон оодарылып кеткен. Учурда кырсыктын келип чыгышы такталууда. Каттамды калыбына келтирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат, — деп айтылат билдирүүдө.

Жагдайдан кабар алуу үчүн Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов окуя болгон жерге жөнөп кеткенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM