Биз менен байланышыңыз

Альянс Алтын: Чет өлкөдө жүргөн кыргыз адистерин жумушка тартуудабыз

Экономика | 18 Дек 2019 | 959 | 0

Жерүй кени толук ишке киргенден кийин, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекеттик бюджет, жылына 2 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат менен толукталып турат. Кирешенин 2 пайызы Талас облусунун өнүктүрүү фондуна түшөт. Мындай маалыматты жыл ичинде аткарылган жумуштар талкууланган тегерек столдо, “Альянс алтын” ишканасынын жетекчиси маалымдады. “Жерүй” кенин ишке киргизүүгө компания 373 миллион доллар салган. 

Талас облусундагы «Жер үй» алтын кенинде жардыруу иши ноябрдын башында башталган. Учурда кенде 600дөн ашуун адам эмгектенет, кен толук ишке кирсе, жумушчулардын саны 2000дин тегерегинде болуп, анын 90%ы жергиликтүү калктын ичинен алынат. “Альянс Алтын” ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин бирдиктүү команданы түзүп, жумушчулардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну негизги багыттардын бири экенин белгилейт.

-Адистердин дээрлик бардыгын Кыргызстандан жумушка алдык. Бул негизинен, башка долбоорлордо, Казакстанда, Орусияда иштегендер келишти. Тагыраагы, биз мурда кеткен жергиликтүү адистерди кайра чакыртуудабыз. Биз бул аракеттер да биздин ишибиздин тиешелүү деңгээлде жүрүүсүнө таасири тиерине ишенебиз.

2020-жылдын март айынанда “Альянс алтын» компаниясы алгачкы алтын куюлмасын өндүрүп, 2020 — жылы 2,5 тонна алтын өндүрүлөт. «Жер үй» алтын кенинин толук ишке кириши менен өлкө бюджетине жылына 2 млрд сомго жакын киреше түшүп турат.

Муну менен катар келишимдин негизинде “Бакубат Талас” фондуна “Альянс алтын» компаниясы 450 млн сом каражат бөлгөн. Андан тышкары, реабилитациялык борборлорго жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Мындан сырткары «Жер үй» кенинин ишке кириши жергиликтүү калкка кандай пайда алып келерин Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев айтып берди.

-Кен толук ишке кирсе, 2000ге жакын жумуш орду пайда болот. “Алтын альянс” аркылуу бизде “Бакубат Талас”, “Өнүктүрүү” фонддору ачылган. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 71 ишкана салынса, ошонун 20сы “Алтын альянс” компаниясынан келген каражаттардын көмөгү менен ишке кирген. Кенге жумушка 90 пайызга чейин жергиликтүү калк тартылууда. Ошол эле учурда жергиликтүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жумушка тартууну ишке ашыруудабыз. Айына 500 доллардан киреше кирип турса, бул үй-бүлөлөр жакырчылыктан чыгат деген ойдобуз.

Маалыматка ылайык, «Жер үйдө» учурдагы эсеп боюнча 80 тонна алтын бар. «Альянс алтын» толук иштей баштаса, жылына 4 тонна алтын казылып алынат. Жалпы 3,5 млрд доллардык кирешенин 1,5 млрд доллары салык катары республикалык бюджетке түшөт. Таза киреше 360 млн долларды түзөрү болжолдонууда.

Айта кетсек, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жер үй «кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй» аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

Copyright © 2017 Maral FM