Биз менен байланышыңыз

«Жерүй» иштей баштаса, бюджетке канча каражат түшөрү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2019 | 1081 | 0

«Жерүй» алтын кени иштей баштаса, республикалык бюджетке жыл сайын 2 млрд сом каражат түшүп турат. Бул тууралуу «Альянс алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кенде өндүрүлгөн алтын чет өлкөгө ташылып кетпейт, Кыргызстандын Улуттук банкына сатылат.

«Биз саясатка тиешебиз жок жана кийлигишпейбиз. Кыргызстанга «Жерүйдөн» каражат түшпөйт деген маалымат туура эмес. Ишкана Орусиянын нормалары менен иштейт деген маалымат калп. Анткени «Альянс алтын» Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштейт», — дейт Карачолокова.

Ал кошумчалагандай, «Альянс алтын» компаниясы «Бакубат Талас» фондуна да жыл сайын каражат бөлүп турат. Фонддун каражатынын сарпталышы байкоочу кеңеш тарабынын көзөмөлдөнөт.

«Бакубат Таласка» бөлүнгөн 150 млн сомдун 60% жеңилдетилген насыя катары берилет. Калган каражат социалдык маселелерге жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM