Биз менен байланышыңыз

Карачолокова: «Жерүй» кенинде зыяндуу металл жок

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2019 | 753 | 0

«Альянс алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова «Маралга» берген маегинде «Жерүй» алтын кенинде зыяндуу металл да жок экенин билдирди.

«Коомчуулкта алтын бар жерде уран бар деген сөздөр болуп кетүүдө. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, «Жерүйдө» зыяндуу металлдар кездешкен эмес. Ал эми калдык сактоочу жай эч кандай коркунучка ээ эмес. Экологиялык коопсуздук толук сакталган», — деди Карачолокова.

Анын айтымында, учурда «Жерүйдө» 500 жумушчу иштеп жатат. Анын 300ү Таластын тургундары. Жумушка кабыл алууда атайын окутуулар уюштурулат жана социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга артыкчылык берилет.

Эске салсак, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жер үй» кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй» аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

Copyright © 2017 Maral FM