Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Альянс атын» бардык талаптарды аткарып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2019 | 661 | 0

«Жерүй» алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү каралбай калганын шылтоолоп, айрым күчтөр пайдаланып кетпесе экен. Бул маселени чечүү үчүн өкмөттүн деңгээлинде аянтча түзүлүп, кызыктар тараптарды чакыруу зарыл. Бул жерде кенди иштеткен «Альянс атын» компаниясынын күнөөсү жок. Ишкана өкмөт койгон талаптардын баарын аткарып келе жатат. Мындай пикирин тоо-кен адиси Дүйшөн Камчыбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада кендин наркынын 25% гана таза киреше катары эсептелет. Тагыраагы, 5 млрд долларга бааланган кенден 1,25 млн доллар таза киреше түшөт.

«Эгерде компаниянын таза кирешеси азайып жатса, коомчулукка маалымат берип турушу керек. Жер казынасы жөнүндө мыйзам Конституцияга толук кандуу жооп бербей жатат. Мыйзамга стратегиялык мүнөздөгү объектилерде мамлекеттин үлүшү болушу керек деген жобо киригизип коюшса болмок. Биз айтып келген менен сунуштарыбыз угулбай калды», — деди Камчыбеков.

Айта кетсек, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жер үй «кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй» аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

 

Copyright © 2017 Maral FM