Биз менен байланышыңыз

Президент Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 418 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-декабрда, Сауд Арабиясынын Королдугуна расмий визитинин алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы транспорт, калкты таза суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ислам өнүктүрүү банкы жана Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк боюнча документтин долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Президент Ислам өнүктүрүү банкынын көңүлүн региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө таза суу, сугат системаларын куруу, транспорт жана энергетика долбоорлоруна бурду.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар Президенттин Сауд Арабиясына расмий визити кызматташууга жаңы дем берерин жана жакшы натыйжалар болоруна ишенимин билдирди.

Ал Сауд Арабиясы Ислам өнүктүрүү банкында капиталдын эң көп пайызына ээ экенин белгиледи. Банктын Кыргызстан менен мамилелери дайыма позитивдүү мүнөздө болгонуна өзгөчө токтолуп, бул мамилелерди өркүндөтүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди.

Бандар М. Х. Хаджар учурда бир катар биргелешкен долбоорлор кароодо турганын, аларды ишке ашыруу кыргыз тарап менен талкууланарын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM