Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Мирзиёев Күн Чыгыш өлкөсүнө сапар алат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 424 | 0

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 17-декабрда расмий сапары менен Жапон өлкөсүнө барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-сапарыны алкагында Өзбекстан президенти Жапон өкмөтүнүн премьер-министри Синдзо Абэ, Парламент кеңешчилер палатасынын президенти Акико Санто, Өкүлдөр палатасынын спикери Тадамори Осимой, премьер-министрдин орун басары, каржы министри Таро Асо менен жолугат.

Аны менен катар Мирзиёев Жапон императору Нарухитонун кабыл алуусунда да болот.

Тараптар өзбек-жапон кызматташтыгын арттыруу, Өзбекстандагы ири инвестициялык долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин карашат.

Визит соңунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, бажы, туристтик жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну бекемдөө боюнча документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Расмий сапар 20-декабрга чейин уланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM