Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Орусия кыргыз мигранттарынын сабалышын териштирүүдө

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 652 | 0

Орусиянын Хабаровск шаарында болгон окуяга байланыштуу элчилик окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн аталган аймактын башкы консулуна миграцияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын коргоо боюнча тапшырма берген.

Хабаровск шаарындагы ардактуу консул Кадырбек Мырзабаев аталган факты боюнча жабыр тарткан Кыргызстандын жарандары менен жолугуп, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына, ИИМ жана прокуратурасына ОМОН кызматкерлеринин иш-аракетине баа берүү боюнча арыз жиберишкен.

14-декабрда Кадырбек Мырзабаев Орусиянын Хабаровск шаардык ИИМинин орун басары С.В. Омельченко менен жолугушуп, анда ал аталган факт боюнча күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылып, тиешелүү жаза ала турганын билдирген.

Ошондой эле, элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына аталган окуя боюнча тынчсыздануусун билдирип, тыкыр иликтөөнү жана Орусиянын мыйзамына ылайык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Владивосток округу боюнча консулу Мухабат Исмаилова жабырлануучулардын укугун коргоо жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу үчүн Хабаровск шаарына жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 12-декабрь күнү кеч курун Орусиянын Хабаровск шаарындагы автопаркта иштеген кыргызстандык айдоочулар сабалган. «Текшерүү жүрүп жатат» деген шылтоо менен атайын отряд кызматкерлери кыргызстандык 73 мигрантты салып кетип, 3-4 саат кармап, уруп-согуп, денесине залака келтирип, кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү айткан. Бул окуядан кийин кыргызстандык эки мигрант ооруканага жаткырылганы маалым болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM