Connect with us

«Ойгон Казакстан» кыймылы Эгемендүүлүк күнүндө Алматыда митинг өткөрүүдө (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 643 | 0

Казакстанда көз карандысыздык күнүндө Алматы шаарында «Ойгон Казакстан» кыймылы митинг өткөрүүдө. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

Алар митингди эскерүү мүнөтүнөн башташты. Иш-чара катышуучулары «бул күндү тарыхта эгемендүүлүк менен кошо аза күтүү күнү» деп эсептешет.

«Биз укугубуз менен эркиндигибизди коргоого жана Назарбаевдин тирандык режимине каршы күрөшүүгө даярбыз!»- деген кыймылдын мүчөлөрү саясий өлүмгө туш болгондорду эскерип чыгышты.

«Баары эсибизде. Биз мындан ары өлкөбүздө саясий көз карашы үчүн өлтүрүлгөндөр болбошун каалайбыз жана бул үчүн күрөшөбүз» деп жазылат аталган кыймылдын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 16-декабрда эртең менен «Урал жумалыгы» басылмасынын башкы директору милиция тарабынан кармалган. Ал жүрналисттер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматкерлер аны себепсиз эле кармап кеткенин айткан. Ошондой эле, митинг алкагында дагы ондогон активисттер кармалды.

Буга чейин, Казакстандын башкы прокурорунун орун басары жарандарды Эгемендүүлүк күнүндө мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 16-декабрь — Казакстанда Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM