Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн 55,5 млн сомго тендер жарыяланды

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 411 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2022-жылдары абитуриенттердин жалпы республикалык тестирлөөсүн өткөрүү үчүн көз карандысыз тестирлөө кызматынын кызматтарын сатып алууга тендер жарыялады.

Аталган кызматтар үчүн 55 млн 500 миң сом каралган. Конкурстук арыздарды кабыл алуу 3-январга чейин уланат.

Техникалык талаптар боюнча, тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик эмес уюм өткөрүүсү керек. Ал уюмдун тестирлөөнүн методдорун колдонуу менен билим берүү жаатында көз карандысыз баа берүү боюнча адистиги болуп, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ар кыл сабактар боюнча ар түрдөгү тесттик тапшырмаларды жана жалпы билим берүү программаларын иштеп чыгууда жана масштабдуу тесттерди жүргүзүү боюнча тажрыйбасы болушу керек.

Көз карандысыз тестирлөө кызматы төмөнкү шарттарды аткарышы керек:

  • купуя чараларын көрүү менен тесттик материалдарды иштеп чыгуу;
  • тесттерди жогорку сапатта жасоо;
  • маалыматтык компания жүргүзүү;
  • тестке каттоо жүргүзүү;
  • тестирлөөнү объективдүү өткөрүү;
  • тестирлөө жүргүзүү учурунда тест материалдарынын купуялыгын сактоо;
  • купуя чараларын көрүү менен маалыматтарды иштеп чыгуу жана сертификаттарды берүү.

Copyright © 2017 Maral FM