Биз менен байланышыңыз

Кресло талаш окуу жайларга жетти

Коом , Саясат | 29 Окт 2020 | 1051 | 0

«Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна профессор Каныбек Осмоналиев дайындалат экен», — деген маалымат тарады. Ошол эле учурда аталган университеттин жамааты учурдагы ректор Канат Садыковдун ээлеген ордунан бошотулушуна каршылык билдиришип, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда ректорлук кызматка дайындоо шайлоо жолу менен өтөрүн, Канат Садыков 2017-жылдын май айында көпчүлүк добуш менен окуу жайдын жамааты тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланганын белгилешип, учурда ректорду арыз жазууга мажбурлап жатышканын айтышкан.

«Жогорку окуу жайлардын ректорун дайындоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, ректор штаттагы окутуучу-профессорлор курамынын 70%дан көбүнүн добушу менен беш жылга шайланат. Ректордун алмашуусу боюнча сөздөр октябрдын башынан эле айтылып келе жатканын, бирок кечээ ректорго арызын жазып, өз каалоосу менен кетүү боюнча чалуу болгондугун Кыргыз улуттук университетинин басма сөз катчысы Ардак Каныбек уулу билдирди.

«Негизинен ректорду кызматтан алууга үч негиз болушу керек: биринчиси, жамааттын 70 %дан көбүнүн ишеним көрсөтпөөсү; экинчиси, Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним көрсөтпөөсү; үчүнчүсү, өз каалоосу менен кызматтан баш тартуусу. Бирок жогоруда мен айткан нерселердин бири да болгон жок. «Жөн гана баскынчылык сыяктуу эле болуп жатат», — дегенди угуп, жалпы жамаат ректор менен жолугушту. Ректор Канат Садыков өзү чыгып, тынчсызданууга эч кандай себеп жок экендигин айтып, баары мыйзам чегинде боло тургандыгын билдирди. Көпчүлүк мугалимдер: «Биз шайлаганбыз, биздин укугубузду тебелеп эле бир киши келип отуруп калышына жол бербейбиз», — дешти» , — деди Каныбек уулу.

Аталган окуу жайдын профессору Кундуз Базакеева да бул көрүнүштү мыйзамсыз басып алуу катары баалады.

«Канат Садыков ректор болуп 2017-жылы дайындалган, ал дагы эки жыл иштеши керек. Бул жылдар аралыгында бир топ долбоорлор ишке ашырылууда, биз ар кандай текшерүүлөрдөн арылып, эми алгылыктуу иштей баштаганбыз. Бирок акыркы эки күндө жаңы бийликтин адамдары ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Негизи азыр ректорду алганга эч кандай негиз жок. Жогорку окуу жайлар саясаттан тыш болушу керек, саясий кызмат орду эмес. Өкмөт алмашса эле университеттердин ректорлору алмаша бербеши керек да. Университетке ректор болуп келем деген киши 2 жылдан кийин шайлоого катышып, коллективдин колдоосун алса, келе берсин», — деди.

Аталган маселе боюнча Каныбек Осмоналиев менен байланышканыбызда, ал премьер-министр өзү чакырып, ректорлук кызматка сунуштаганын ырастады.

«Премьер-министр өзү чакырып сунуш кылды мени, мен сунушту кабыл алдым. Демократия деген ушул: бирөө каршы болот, бирөө макул болот» , — деди Осмоналиев.

Кыргыз улуттук университетинин кайрылуусунда ошондой эле Каныбек Осмоналиев 2017-жылдын январь айында физика жана электроника факультетинин деканы кызматына жарыяланган шайлоого катышып, жамаат колдобой койгондуктан өтпөй калганы айтылган.

Ал эми бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Илгиз Султан азырынча эч кандай комментарий бербей тургандыгын айтып, суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдер жамааты азыр кайрадан аталган университеттин жыйындар  залына чогулуп, жаңы ректор дайындалышына каршы экендигин, азыркы ректордун мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүн талап кылышууда. Эске салсак, азыркы ректор Канат Садыков 2017-жылы 5 жылдык мөөнөткө шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM