Биз менен байланышыңыз

Разаков Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 742 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун башкы максаты 2020-жылы Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын бир катар маанилүү иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө кыргыз диаспоралык бирикмелеринин катышуусун талкуулоо болду.

Жеңиш Разаков чогулгандарга бул иш-чараларды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Анда кыргыз диаспораларынын дарамети кеңири колдонулмакчы.

Жолугушууда белгиленгендей, мындан тышкары иш-чаралардын планына Бишкек жана Ош шаарларында Миграцияга чейинки даярдоо борборлорунун ачылышы, Орусияда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн кеңири белгилөө, ар кыл маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү киргизилген.

Жеңиш Разаков жолугушуунун катышуучуларына өлкөдөгү ички саясий кырдаал, Орусиянын аймагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү, бардык кызыктырган суроолорго жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Диаспора мүчөлөрү тарабынан «Жүк-200» тариздөө үчүн компенсация берүү процедураларын оптималдаштыруу, темир жол унааларына бааны арзандатууга көмөк көрсөтүү, Москва жана Сочи шаарларында Кыргыз соода өкүлчүлүгүн ачуу, Кыргызстанда ипотекалык кредиттөө программаларына мигранттардын мүмкүндүк алуусун жеңилдетүү боюнча каалоолору айтылып, алар кароо жана изилдөө үчүн кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM