Биз менен байланышыңыз

Биринчи Май райондук соту Жээнбековдун баш коргоо чарасын карайт

Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 690 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат. Ишти кароо саат 12:00гө белгиленген. Деген менен камакка алынган саясатчыны дагы деле соттун имаратына алып келе элек. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Эскерте кетсек, 12-декабрь экс-депутат Равшан Жээнбеков суракка чакырылып, андан ары камакка алынганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Саясатчы Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM