Биз менен байланышыңыз

Гүлнара  Калдарова: Тарбиясы жок ырчылар көбөйдү

Легендарлуу “Кыз Бурак” тобунун  экс-солисти,   топтон бөлүнгөндөн кийин жеке ырчы катары таанылып келе жаткан таланттуу айым Гүлнара Калдарова “Марал Шоу” программасында конокто болду.

— Саламатсызбы, Гүлнара айым. Кош келиңиз.

— Саламатчылык, кандайсыңар!

— Той-топурлар бүтүп, эфирлерге убакыт табылып  калды көрүнөт?

— Ооба, тойлордон эми бошоп, келип калдым сиздерге (күлүп).

— Бүгүн эфирден кандай жаңылыктарды айтып  бересиз?

— Жаңы жылдык кечелерге тартылып, эфирлерге барып күн өтүп атат. Азыр быйылкы  жылдын эсебинен жаңы ырларды  жаздырдым, таланттуу ырчы Темир Дамирбеков менен жаңы дуэт, буюрса, чыгат. Жаңырган  жылда клип тартабыз деп пландап жатабыз. “Ойлойсуңбу” деген ырдын дуэтине күбө болосуздар.

— Айжамал Кабылова жана Данияр Эрматов менен биргеликте аткарган “Үйлөн иним” деген  ырыңыздын тарыхына токтолсок?

— Бул негизи, казактардын чыгармасы экен. Абдыжапар жана  Роза Алкоже деген эки бир тууган ырдап чыгышкан. Анан менин концертиме тамашалуу ыр киргиз деп калгандыктан ушул ырды тандаганбыз. Клибине токтолсок, үйлөнө элек  ырчы жигиттерден тартыш керек болуп калды. Менде 2 вариант болду. Бирөөсү Нурмат Садыров жана экинчиси Данияр Эрматов. Биринчи Даниярга  чалып  айттым, ал угуп эле  колдоду, клипти тамашалуу кылып тарталы деген ой-пикирин  айтты. Клип чыккандан кийин эле ушул  жылы  Данияр үйлөндү(күлүп).

— «АГК» тобу дагы жоюлду. Бул топтогулар менен сый мамиледесизби, же таарыныч барбы?

— Азыркы учурда үчөөбүз тең жеке ырчыбыз. Топ жоюлган. Мен бирок Айжамал менен көбүрөөк иштешем, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Дуэт дагы жаздырганбыз. Ал эми  Кенже  менен байланыш  жок.

— Бир сыр бар го, Гүлнара айым?

— Ооба, аны менен иштешпейм.

— “Ийри отуруп, түз кеңеш” деген жакшы сөз бар. Өнөр  адамдарынан кимдин кеңешин көп угасыз?

— Чыгармачылыкта устатым Гүлшайыр эженин көп кеңешин угам. “Кыз Бурак” тобунда 10 жылдан ашык жүрдүм. Азыркы учурда ыр жаздырсам дагы, бардык жаңылыктардан кабардар болуп турат. Чыкпай калсам, чалып сурап, жазып турат.

— Жаш муундагы ырчылар музыка деген жолдо туура эле баратабы?

— Азыркы учурда ырчылар аябай көбөйдү. Той-топурлар, мааракелерге барганда аты -жыты жок ырчыларды  көрүп таң калам. Азыркылар “Ырчылар көп акча табат  экен” деген ой менен бир-эки ырды компьютердин жардамы менен жаздыра калышат. Анан тойлордо, сахналарда өздөрүн алып жүрүү маданиятын билишпейт. Төргө олтуруп, улууларды  сыйлашпайт. Ырчы кайсыл жерде жүрбөсүн өзүн татыктуу алып жүрүүсү керек. Мына ушундай тарбиясы жокторду көзөмөлдөп, катуу чара колдонуп, иргеп, таланттууларды гана кабыл алышса.

— Кызганыч кандай сезим?  Анын жеке жашоого кереги барбы?

— Кызгынычтын жашоого пайдасы бар. Мисалы, “меники” деген нерсени кызганасың. Бирок, кызгануунун чеги болот. Эгер кызганбасак, анда айбандан деле айырмабыз жок болуп калат да(күлүп). Журөк болгондон кийин кызганыч да сөзсүз болот.

— Гүлнара айым, чоң рахмат маегиңизге. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

— Сиздерге чоң рахмат, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

 

Copyright © 2017 Maral FM