Биз менен байланышыңыз

2 миң доллар пара алууга шектелген Экотехинспекциянын кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 418 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Шектүүлөрдү Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөнүн УКМК бүгүн кабарлады.

Аталган мекемеде кызмат адамдары менчик ишканалардан пара катары акча алына турган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө. Алар менчик архитектуралык-курулуш көзөмөл компаниялардын компетенциясына байланыштуу маселелерди чечип бергендиги үчүн мыйзамсыз каражат алып турган, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

6-декабрда аталган мекеменин башкармалыгынын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. 2000 миң доллар алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM