Биз менен байланышыңыз

Муфтият ажылык сапарга баруучуларды каттоону баштады

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 956 | 1

2020-жылдагы ажылык сапарга баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 2019-жылдын 16-декабрынан 30-декабрь күнү саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Электрондук каттоого катыша турган ажыга баруучуларга коюлган талаптар:

  1. 2020-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2020 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.
  3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2020 счетуна) төлөнгөн (700сом) квитанциясынын түп нускасы.
  4. Ажылыкка баруучунун жашаган жериндеги учету 2019-жылдын 1-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).
  5. Тышкы паспорту. (электрондук (Eid) паспорт менен тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл). (Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2021-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз).
  6. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт. (Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат). 1975-жылы май айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми июнь айында төрөлсө, документтин түп нускасы талап кылынат.
  7. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт). (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт). (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
  8. №086у формасындагы медициналык справка.
  9. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)
  10. Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  11. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Тышкы паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  12. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  13. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2020-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  14. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт. (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурат).

 Муфтият 2020-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүсү тийиш экенин, кечиккен жарандар каттоого алынбай турганын эскертет.

1 пикир

1 пикир

  1. Абдимиталова Марипат Бегалиевна

    23.04.2021 13:17

    Урматтуу муфтияттын ажылык боюнча окулдору, Сиздерден СУРАНАБЫЗ 2021-жылы боло турган ажылык боюнча айтып берсениздер? өтө суранабыз?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM