Биз менен байланышыңыз

Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 426 | 0

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте турган балдарды саны 30 миңден ашат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Расул Маматов билдирди.

Анын айтымында, электрондук система ишке киргенден тарта 40 миңден ашык бөбөк бала бакчаларга кабыл алынган.

Учурда ал тутум Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иштейт. 2020-жылдан тарта ал Токмок, Кемин, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Балыкчы шаарларында иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM