Биз менен байланышыңыз

Бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 7 Июн 2020 | 534 | 0

Бала бакчанын 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, учурда өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандырууга уруксат берилген. Ошол эле учурда ал жакта иштеген бардык кызматкерлерди коронавируска текшерүү чечими кабыл алынган.

Текшерүү жүргүзүү учурунда 3 кызматкерден коронавирус аныкталды. Ал нерсе текшерүү иштерин жүргүзүү керектигин көрсөттү. Арыз тапшырган 2,5 миң кызматкердин баары текшерилип чыгат. Алардын анализдери таза чыккандан кийин гана иштөөсүнө уруксат берилет. Азыр текшерүү иштери уланууда, — деди Үсөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM